Ооруканада жана үйдө COVID менен алышып жаткандар. Аймактар боюнча көрсөткүч

Кыргызстандын аймагындагы ооруканаларда жаткандардын ичинен 881 бейтап оор, 132 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстанда учурда расмий маалыматтар боюнча 9 000ге чукул (8919) адам COVID-19 менен ооруп жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
"Бүгүнкү күндө станционарда — 2 811, ал эми амбулатордук дарыланууда 6 108 бейтап бар", — деп кабарланган билдирүүдө.
Ооруканаларда дарыланып жаткандарды аймактарга бөлө келгенде төмөнкүдөй:
Ооруканадагылардын ичинен 881 бейтап оор, 132 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Ал эми үй шартында (амбулатордук) дарыланып жаткандардын көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Соңку суткада Кыргызстанда 892 адамдан коронавирус табылса, COVID менен алышып жатып жети бейтап акка моюн сунду.