Кыргыз кызын сүйүп Фрунзеде калган. Киночу Видугиристин сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер
Кинодраматург Альгимантас Видугирис 1936-жылы 21-июлда Литванын Каунас шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң 1955-жылы ошол эле шаардагы Политехникалык институттун гидротехникалык факультетине тапшырган. Бирок аны 3-курстан таштап Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна окуганы кетип, аталган окуу жайды 1962-жылы бүтүргөн. Андан соң жаш жигит Борбор Азия республикаларын кыдырып жүрүп Фрунзе шаарындагы кинофестивалга катышат. Ал бийик тоолуу республиканы гана сүйүп калбастан, кыргыз кызын да жактырып, "Кыргызфильмге" ишке кирип биротоло Кыргызстанда калып калган. Алгач "Күнгө кайрылуу" кинофильмин тартып, бир нече жыл оператор болуп иштеп, 1967-жылы өзүн режиссер, сценарист катары дагы сынап "Замки на песке" фильмин тарткан. Ошол эмгеги Казакстан, Борбор Азия республикаларынын VII кинофестивалында биринчи даражадагы диплом (1968), Польшадан "Золотой дракон Вавеля", Тегерандан "Алтын статуэтка" алып, Финляндия, Австралияда сыйлыктарды багындырган.

Кийин "Жалаң эркектер", "Вахта", "Нарынский дневник", "Перекрытие", "Это не беда", "В год неспокойного солнца", "Бугу эне" өңдүү көркөм жана даректүү кинофильмдерди жараткан. Ал эми "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасы 1973-жылы V Бүткүл союздук кинофестивалда дипломго татып, эки жылдан соң "Эң мыкты балдар тасмасы үчүн" Ардак грамотасын жана "Алая гвоздика" сыйлыгын алган. Видугиристин ал кинокартинасы дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлүп, өлкөгө бир топ киреше, өзүнө атак-даңк алып келген.

Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер
Чыгармачылыктан сырткары кесипкөй устат катары Москва, Будапешт, Алматы, Вильнюс шаарларында лекция окуп, Фрунзеде да шакирттерди тарбиялай алган. Ошондой эле Евразия элдеринин этнографиясын изилдеп, анын негизинде СССРдин башкы телевидениесинде илимий фильмдерди жараткан. Андан сырткары, Америка, Россия, Казакстанда уюштурулган сынак, фестивалдарда калыстар тобунун мүчөсү болгон.

КР эл артисти өзүнүн кинофильмдеринде режиссер, оператор, сценарист болуп гана тим болбостон, кээде каскадер да болуп жалпы 20дай фильм жараткан. Аны кесиптештери көзү тирүү кезинде тамашалап "прибалтикалык кыргыз" деп коюшчу. Альгимантас Видугирис өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап, 2010-жылы 25-июлда Бишкекте 74 жашында оорудан улам көз жумган.

1 / 13
Альгимантас Видугирис Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктаган жылы эле "Кыргызфильмде" иштей баштаган
2 / 13
Эшекчендер: КРдин эл артисти, кинооператор Карел Абдыкулов жана белгилүү советтик режиссёр-оператор Видугирис. Ысык-Көл, 1962-жыл
3 / 13
Кыргыз ССРинин эл артисти тасма тартуу маалында Нарын дарыясында кесиптештери менен
4 / 13
Кинематографист өзүн сценарист, каскадер катары дагы сынап көргөн
5 / 13
Видугирис "Көз айнекчен" фильмин тартуу маалында кичинекей Кубанычбек Алыбаев жана Бермет Маликова менен иштешип жаткан учуру
6 / 13
КРдин эл артисти, күчтүү оператор, сценарист, режиссер 20дай фильм тарткан
7 / 13
Литвада туулуп-өсүп, Кыргызстанда иштеген киночуну кесиптештери "прибалтикалык кыргыз" дешчү
8 / 13
Видугиристин "Көз айнекчени" дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлүп, режиссерго атак-даңк алып келген
9 / 13
Дарыя боюнда оператор Олег Рыжков менен кызуу иштеген киночу
10 / 13
Альгимантас Видугиристин даректүү тасмалары, андагы сейрек кадрлар азыр да түрдүү эмгектерде колдонулуп келет
11 / 13
Курулушу аяктаган Токтогул ГЭСинен агып чыккан Нарын дарыясын чеберчилик менен тартууга аракет кылган Видугирис
12 / 13
Жүк ташуучу унаанын үстүндө актер Сүймөнкул Чокморов бригадир Касымдын образында, ылдый жагында камера тарткан Видугирис. "Жалаң эр-азаматтар" фильми.
13 / 13
Видугирис 2010-жылы 25-июлда борбор калаада 74 жашында көз жумган