Бизге келген бейтап оозун ачканда эле бруксизм менен жабыркап жатканы билинет. Себеби тиштер сүрүлүп, кариес пайда болуп, бошоп, гингивит, стоматит сыяктуу түрдүү ооруларды көрө алабыз. Мунун баары тишке ашыкча күчтүн келишинен улам болот. Бул тууралуу Жазгүл Карыбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал өз тажрыйбасында бруксизм аялдарга салыштырмалуу эркектерде көп кездешерин байкаган.
"Бруксизмде тиштер майдаланып, талкаланып, жарака кетиши мүмкүн. Ушундан улам кариес пайда болуп, тиштер бошоп калат. Бул оору тиштердин тамак чайнаган бетин өзгөртүп, кыскарышына алып келет. Тиштер ысык-суукка сезимтал келип, зыркырап ооруйт. Мындан тышкары, туура эмес коюлган пломба же тиштердин жетишсиз калыптанышы, протез тиш же туура эмес салынган брекет да тиш кычыратуунун негизги себептери болуп саналат. Бруксизмди дарылоодон мурун анын келип чыгуу себебин аныктап алуу керек. Андан кийин гана дарылоо сунушталат. Эгер тамакты жакшы чайнай албай, пломбада көйгөй бар болсо, анда тиш дарыгерине, ортодонтко же ортопедге кайрылуу керек. Ар бир бейтапты текшерип, кечинде кийип жатуучу тишти коргогон бруксчекер даярдап берип, индивидуалдуу дарылайбыз. Тиш кычыратуу балдар арасында көп, ал эми чоңдор арасында 15-20 пайыз кездешет. Заманбап медицинада бруксизмди бизнесмендин оорусу деп коюшат. Себеби алар көбүрөөк стресске кабылат эмеспи", — деди Карыбекова.
Тиш доктур бруксизмди стоматологго гана кайрылып толук айыктыруу мүмкүн эместигин, комплекстүү дарылоо жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: