Кыргызстан Россиянын "Спутник Лайт" вакцинасын каттоого алды 

Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 21-июнда Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Россиянын бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 
"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болору аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта. 
Эмделбесе айлык албайт! Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге шарт коюуну сунуштады
"Спутник Лайт" Гамалея борбору Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) менен биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.
Кыргызстан Россияда коронавируска каршы биринчи өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасын 2021-жылдын февраль айында каттоого алган. Аталган вакцинаны дүйнөдөгү 67 мамлекет жактырган. Анын натыйжалуулугу 97,6 пайыз деп бааланууда.