Ат-Башыдагы чек ара заставасына алгачкы жолу электр кубаты жеткирилди

30 жылдан ашык убакыттан бери бул застава дизель майы менен иштеген электростанциядан көз каранды болуп келген. Андыктан электр тогу белгилүү бир сааттарда аз көлөмдө гана берилчү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ат-Башы районунда бийик тоолуу аймактагы эң алыс жайгашкан чек ара заставаларынын бирине электр энергиясын жеткирүү иштери аяктап калды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30 жылдан ашык убакыттан бери бул застава дизель майы менен иштеген электростанциядан көз каранды болуп келген. Андыктан электр тогу белгилүү бир сааттарда аз көлөмдө гана берилчү.
"Жакында эле президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда аталган заставага күтүүсүздөн барып калган. Анда 20 күн ичинде бул жерге электр энергиясын жеткирүү тапшырмасы коюлган", — деп айтылат билдирүүдө.
Жапаров "Торугарттан" жүк кантип өтүп жатканын көрдү. Сүрөттөр
Бүгүнкү күндө мамыларды жана трансформаторлорду орнотуу иштери аяктап, жумушчулар жогорку чыңалуудагы ток өтчү зымдарды тартып жатат.
Чек ара кызматынан белгилешкендей, заставага өнөр жай электр жарыгынын жетиши мамлекеттик чек араны кайтарууну гана күчөтпөстөн, климаттык оор шартта жашап жаткан чек арачылар менен алардын үй-бүлөсүнүн тиричилик шартын дагы жеңилдетет.