Эмделбесе айлык албайт! Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге шарт коюуну сунуштады

Акылбек Жапаров 10 күндүн ичинде вакцина дүйнө жүзүнүн кайсы бурчунда болсо да учак менен алып келүү керектигин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. – Sputnik. Өзгөчө абал режимин жарыялап туруп, коронавируска каршы вакцина албаган мамлекеттик кызматкерлерге айлык төлөбөш керек. Бул тууралуу вице-премьер Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин онлайн-жыйынында билдирди.
Жапаров дарыгерлердин канча пайызы вакцина алганы боюнча азыркыга чейин маалыматы жок экенин белгиледи.
"Бүгүнкү күндө канча медайым, дарыгер бар экенин жана алардын канчасы эмделгени боюнча санды укпай койдум. Дарыгерлер улам-улам ооруп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн кызматкерлерине вакцина сайбаса анда кандай кылабыз? Негизи эле өзүбүздүн 368 миң мамлекеттик кызматкерге "вакцина албасаң айлык албайсың" деш керек", — деди Жапаров.
"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди
Вице-премьер вакцинаны сактаган муздаткычтар менен кислород үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги жооп бериши керектигин белгилеп өттү.
"Саламаттык сактоо министрлиги мунун баарына жалгыз жооп бере албайт. Келген вакциналардын бардыгына, "Астразенека" болобу, "Спутник" болобу, баарына муздаткычтар керек. Ошондуктан 10-20 күндүн ичинде маселени чечүү зарыл", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле 10 күндүн ичинде вакцина дүйнө жүзүнүн кайсы бурчунда болсо да учак менен алып келүү керектигин кошумчалады.