Кыргызстандан Грузияга түз учууга жол ачылды

Жаңы каттам үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан баштап жумасына бир жолу жүргүзүлө турганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Грузиянын Батуми шаарына түз каттам ачылганын кабарлады.
Бишкек — Батуми — Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды "Эйр Манас" авиакомпаниясы ишке ашырмакчы. Жаңы рейс ушул жылдын 17-июлунан тарта жумасына бир жолу (ишемби) каттай турганы белгилүү болду.