Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым

Өлкө башчы бүгүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөштү. Жапаров ишкерлерди колдоо максатында бир катар реформалар жасаларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин аппаратынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда, президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнесмендердин жолугушуусу өттү.
"2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырдым", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы ишкерлерге карата кысымды азайтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюуну дагы убадалады.