БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу экономика жанан финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.
Ушу тапта президент баштаган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнесмендердин жолугушуусу өтүп жатат.
"Эки күн мурда президент Орто Чүй каналын куруу боюнча чечим кабыл алды. Долбоорлоо менен курулуш иши 30 миллиард сомго бааланды. Биз ишке кириштик. Жакынкы аралыкта Чүй өрөөнү башкача өнүгөт деп үмүттөнүп турам", — деди Жапаров.
Бирок министр бул боюнча кенен маалымат берген жок.
Быйыл Чүй облусунда сугат суу тартыш. Дыйкандардын айтымында, алар мындай окуяга биринчи жолу кабылып жатышат. Sputnik агенттигинин кабарчылары Чүй өрөөнүн кыдырып суу жетишсиздигинин себебин аныктап көрүштү.