Deutsche Bank мындай аракетсиздиктин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертишти. Бул – бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн опурталдуу абал. Аталган державада акчанын нарксызданышы дүйнөгө кандай таасир этери тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Инфляциянын күч алышы
Май айында АКШда жылдык инфляция беш пайызга чыкты. Ал эми керектөөчүлүк баалардын, энерготашуучу жана азык-түлүк сымал туруксуз товарларды кошпогондо, базалык индекси (инфляция деңгээли) былтыркыга салыштырмалуу 3.8 пайызга өстү. Бул – 1992-жылдын июнунан берки эң жогорку көрсөткүч. Автомобиль, техника, мебель, авиабилет, кийим-кече, азык-түлүк – баары кымбаттады.
Дүйнөлүк банктын экономисттери инфляцияны даректөө саясатын жүргүзгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия чочулай турган жагдай жок экенин айтышат. Көрсөткүчтү максаттык диапазондун чегине кайтарууга болот. Анткен менен Кошмо Штаттарда кырдаал башка. Федералдык резервдик системанын бир чара көрө турган түрү жок. Март айында эле бул тутумдун башчысы Жером Пауэлл таргеттин (даректөөнүн) эки пайызга утурумдук көтөрүлүшүндө эч кандай көйгөй жоктугун билдирген.
Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнүн себептери түшүнүктүү. Пандемия башталгандан тарта америкалык бийлик акча басуучу станокту болушунча иштетүү менен каатчылыкка каршы чара көрүүгө алты-тогуз триллион долларга дейре сарптаган. Ал эми Жо Байдендин келиши менен өлкө экономикасына дагы эки триллиондой каражат салынды. Бул – негизинен социалдык өбөлгөлөрдүн гиганттык топтому.
Ири карыз жана чабалдаган доллар
Акчанын каптаганы мамлекеттик карызды болжол менен төрттөн бирге жогорулады. Эми бул 28 триллион долларга (жылдык ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 130 пайызы) арбын. Экономисттер экономикага жаңы акча салуу жакшы натыйжага алып келбейт. Өндүрүш көлөмүн тийиштүү деңгээлге чыгарбастан, акчанын ашыкча айланышынын айынан бюджетке күч келет, баалар көтөрүлөт.
Инфляциялык тобокелдик кийинкиге жылдырылган керектөөчүлүк суроо-талапты да күчөтөт. Пандемия убагында америкалык керектөөчүлөр 1,6 триллион доллар топтоп, эми акырындап коротууга киришти. Жаңы басылган купюралардын күчтүү агымы америкалык валютага доо кетирди. Доллардын куну түшүп, инвесторлор үчүн жагымдуулугунан ажырап барат.
2020-жылы евро салыштырмалуу 0,8934төн 0,8149га, дээрлик тогуз пайызга түштү. Быйыл дагы беш-жети пайызга төмөндөшү ыктымал. Дагы бир башка фактор — бюджетке болуп көрбөгөндөй басым. 2020-каржылык жылында бюджеттин таңсыктыгы 16,1 пайызга (3,1 триллион долларга) жеткен. Бул – 1945-жылдан берки эң ири көрсөткүч. Дал ошол жылы өкмөт масштабдуу аскердик операцияларга эбегейсиз каражат бөлгөн.
Суроо жаралат
Ошентсе да экономикалык максаттарга жетүүдө, атап айтканда, эмгек рыногун калыптандырууда "алгылыктуу прогрессти" көрмөйүнчө Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди жогорулатууга же активдерди сатып алуу программасын кыскартууга ниеттенбейт. Жөнгө салуучу органдын өз күчүнө гана ишенгендиги жана аракетсиздиги суроо туудурат.
"Күрөшүү үчүн так план зарыл. Салык-бюджеттик саясатты аныктаган адамдар алардын чечимдери кимдерге зыян келтирерин түшүнүүгө тийиш. Америкалыктардын сексен жети пайызы баалардын өсүп жатканына кабатыр.
Пауэлл мырза бул олуттуу маселеге убактылуу тоскоолдук катары кол шилтөөнү токтотуп, инфляциянын кескин секиригин моюнга алууга милдеттүү", — дейт сенатор Рик Скотт.
Экономисттер Федералдык резервдик тутумдун андан да коркунучтуу көрүнүшкө – фондулук рынокто глобалдык көбүктүн түзүлүшүн толугу менен танып жатканына көңүл бурууга чакырат. Акциялардын баасы тарыхый жогорку чегине жетип турганда өтө төмөн пайыздык үстөктөрдү колдоону, балансты айына 120 миллиард долларга жогорулатууну улантуу менен Федералдык резервдик система рынокту ого бетер козутушу мүмкүн.
"Жөнгө салуучу орган экономиканы кыйын шартка кептегени турат, акыры барып инфляциянын максаттуу деңгээлине жетүү үчүн акча-насыя саясатын катаалдатууга мажбур болмокчу", — деп белгилейт Америкалык ишкерлик институтунун талдоочусу Десмонд Лахман.
Алсыздар жабыр тартышы ыктымал
Кандай болсо да бул америкалыктарга гана тургай, бүт дүйнөгө көйгөй жаратарын эскертишет Deutsche Bank талдоочулары. "Кошмо Штаттарда инфляцияны тоготпоо глобалдык экономика үчүн опурталдуу. Анын кесепети, айрыкча коомдун эң аяр катмары үчүн оор болушу ыктымал", — деп түшүндүрөт банктын башкы экономисти Дэвид Фолкертс-Ландау.
Германиядагылар инфляция токтобой турганын, жакынкы жылдары, балким, 2023-жылы каатчылыкка кептеши мүмкүн экенин жоромолдошот. Эксперттер биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартарын белгилешет. Өнүккөн экономикада акчанын нарксызданышы инвесторлордун пайыздык чендердин жогорулашына үмүттөрүн арттырат. Бул мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, натыйжада карыз алуу кыйла кымбатка түшөт. Ошентип, экономисттер өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн глобалдык калыптандыруунун башаты позитивдүү фактордон коркунучка айланганын айтышат. Мисалы, Түштүк Африка жана Бразилияда карыз наркы кооптуу деңгээлге чукулдап калды. Ал жакта мамлекеттик финансы ансыз да туруксуздугу менен айырмаланат.
"Бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляциядан да АКШдагыдан чочулаганы оң", — дешет S&P Global Ratings адистери. Бардар мамлекеттер пандемия маалында көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө караганда абдан төмөн пайыздык чен менен карыз алышкан. Маселен, Египет быйыл ИИӨнүн 38 пайызына барабар карызын кайра каржылоого тийиш. Насыяны тейлөө акысы — 12,1%. Гана үчүн пайыз андан да бийик, тагыраак, 15 пайызды түзөт. Ушундай эле көйгөй Бразилияда да бар, Борбордук банкы январдан бери баа басымын чабалдатуу үчүн үстөктөрдү көбөйткөн. Capital Economics адиси Уильям Жексондун айтымында, Бразилия — инфляция жана кирешелүүлүктүн өсүшү экономикалык туруктуулукка кооптуу экенине айкын мисал.
"Бул Борбордук банкты мамлекеттик каржыны кыскартып, карызды тейлөө чыгымдарын арттырган пайыздык чендердин жогорулатууга аргасыз кылды", — дейт аналитик. Мындай абалдан, маселен, Бразилия, Түштүк Африка жана Индия чет өлкөлүк насыякорлорго караганда ички кредиторлорго көбүрөөк үмүт артканы куткарат. Бул капиталдын сыртка агуу көлөмүн төмөндөтөт. Россия бул багытта туруктуу келет, федералдык заемдогу облигацияларда резидент эместердин үлүшү абдан аз. РФ Борбордук банкынын маалыматы боюнча, май айында он пайызды түзгөн (апрелде — 19,7). Федералдык заемдогу облигация ээлеринин арасында 80 пайыздан ашыгы — жергиликтүү инвесторлор, эң оболу банктар жана пенсиялык фонддор. Ал эми резидент эместер — жергиликтүү ири банктардын чет өлкөдөгү "бутактары". Бул санкциялык да, инфляциялык да тобокелдиктерден сактайт.