Кыргызстан жөнөткөн акча 186 учакка жетмек. Улуу Жеңишти жакындаткан жардам

Sputnik

1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар
Совет эли эркиндиги үчүн күрөшкө жапа тырмак көтөрүлгөн. Гитлерчилер советтик жарандардан мындай каршылыкты күткөн эмес. Себеби буга чейин аларга кыска убакыттын ичинде Батыш жана Чыгыш Европанын бир катар мамлекеттери багынып берген. Мисалы, 1940-жылы Франция эки айга жетпей Гитлерге баш ийген.

Улуу Ата Мекендик согушка 300 миңден ашык кыргызстандык аттанган. Анын ичинен 160 миңден ашуун мекендешибиз фронттон кайтпай калды. Төрт жылга созулган согушта СССР 27 миллион жаранынан ажыраган. Фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү СССРдин миңдеген шаарларын, кыштактарын жана өнөр жайын талкалаган. Колумнист Алмаз Батилов архивдик сүрөттөрдүн негизинде Кыргызстан Улуу Жеңишке кандай салым кошкону тууралуу сүрөт баян даярдады.

1 / 17
Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
2 / 17
Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев.

Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.
3 / 17
Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.
4 / 17
8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.
5 / 17
№4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.
6 / 17
Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл.

СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
7 / 17
Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл.

Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.
8 / 17
Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.
9 / 17
Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.
10 / 17
Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.
11 / 17
Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл.

Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.
12 / 17
Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.
13 / 17
Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.
14 / 17
Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.
15 / 17
Франциядагы "Русская память" коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.
16 / 17
Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.
17 / 17
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине "Москва шаарын коргоо үчүн" медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.