Министр: жума ичинде казакстандык QazVac вакцинасы алып келинет 

Министр клиникалык тажрыйбанын үчүнчү фазасынан өтүп жаткан коңшу өлкөнүн вакцинасы бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болорун белгиледи. 
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы казакстандык QazVac вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди. 
Анын айтымына караганда, жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келет. 
“Мен саламаттык сактоо министри жана Казакстандын элчиси менен сүйлөштүм. Препараттар жума же ишемби күнү келиши керек. Себеби бейшемби күнү муздаткычтарды жөнөтөбүз. Чек арадан товарды өткөрүүдө көйгөй жаралбайт деп ойлойм”, - деди Бейшеналиев.
Министр клиникалык тажрыйбанын үчүнчү фазасынан өтүп жаткан коңшу өлкөнүн вакцинасы бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болорун кошумчалады.