Ошто эпидемиологиялык абал курчуй берсе шаарга чектөөлөр кирет

Кыргызстандын экинчи борборунда коронавирус боюнча абал оор боюнча калып жаткандыгын айткан вице-мэр элди санитардык эрежени бекем сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош шаарында коронавирус боюнча кырдаал курчуса, чектөөлөр кириши мүмкүн. Бул тууралуу аталган калаанын вице-мэри Эмиль Шадыханов айткандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн, 21-июнда, Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болгон.
"Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Шаардыктарды эл көп чогулган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Эгер кырдаал курчуй турган болсо чектөөлөр кириши мүмкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт", — деген вице-мэр.
Вице-мэр: Бишкекте жамаат менен коронавируска каршы эмделсе болот
Ал элди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырды.
21-июлга карата Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны 54 болгон. Маалыматта стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатканы айтылды.
Кыргызстанда акыркы мезгилде коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат. Алдыдагы эки жумада ооругандардын саны кескин көбөйө турганы божомолдонду.