Дарыгер эмгек өргүүдө кантип туура эс алуу керектигин айтты

Медик эмгек өргүүгө чыгуу ден соолукту бекемдеп алууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, сергек жүрүүгө үндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эмгек өргүүгө чыккан адам күнүмдүк адаттарды таштап салбай карманышы керек. Антпесе кайра жумушка чыкканда кыйналып калышы мүмкүн. Бул тууралуу россиялык дарыгер Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Медик эмгек өргүүгө чыгуу ден соолукту бекемдеп алууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, бул учурда уйкуну жакшылап кандырып, туура тамактануу адамга ал-күч бере турганын кошумчалаган.
"Эгер көнүп калган режим бузулса, жумушка чыкканда адам кыйналып, оорлошуп калат", — деген адис.
Дарыгер эс алуу учурунда да адам сергек болушу керектигин айтып, антпесе кайра калыпка келүүгө көп убакыт кетип кала турганын эскерткен.