Бишкекте кафе-ресторандарга коюлган чектөөлөр алып салынды

Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Алар иш убактысы боюнча чектөөлөрдү алып салууну өтүнүп, башка эрежелерди бекем кармоо милдетин алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте көңүл ачуу жана тамактануу жайларынын иш убактысы боюнча киргизилген чектөөлөр кайрадан жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Чектөөлөр 17-июндан тарта киргизилип, рейд жүрө баштаган.
Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Алар миңдеген бишкектиктер мурдагы режимде иштөөсүн улантсын деген өтүнүчүн билдирген.
Учпагандар кирбейт! Кыргызстандын аэропортторунда чектөөлөр күчөтүлдү
Ордуна ишкерлер залдарды 50 пайызга гана толтуруу, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу эрежелерди бузбай кармануу милдетин алышты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен эпидемияга каршы ыкчам комиссиянын жыйыны өтүп, мүчөлөр бул чечимди колдоду.
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын Sputnik агенттигинин кабарчысына түшүндүргөнүнө караганда, рейддер улантыла бермекчи. Ошол эле учурда ал мэрия мындай жол менен акча табууну көздөбөй турганын айтты.