Индия: кабыландын итти жаткан жеринен тамактап, көтөрүп кеткен видеосу

Индияда үйдүн алдында жаткан итти кабыландын байкатпай келип басып калып, тамактан тиштеп караңгыны көздөй алып кеткен учуру видеого түшүп калган.
Sputnik
The Hindustan Times басылмасы бул окуя бир нече күн мурда Махараштра штатындагы Нашик шаарында болгонун жазды. Эртең менен ойгонгон үй ээси эшиктин алдынан тамчылаган канды көрүп, орнотулган камераны караган. 
Үйдүн алдында уктап жаткан дөбөттү кекиртектеп сүйрөп кеткен кабылан. Видео
Бул окуянын видеосу социалдык тармакка тездик менен тарап кеткен. Ошол аймактын жашоочулары жергиликтүү бийликтен айланада каңгып жүргөн кабыландар боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү талап кылышкан.