Эки жерде бош орун жок. Коронавирусту дарылаган ооруканалардын тизмеси

Ордо калаада коронавирус жуктургандарды 13 оорукана дарылап жатат. Учурда 11инде бош орун бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
20-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 212 орун бош. Алар:
Ал эми №6 клиникалык оорукана менен Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок экени маалым болду.
Өткөн суткада 730 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду.