Пакистан Кыргызстанга өз портторун колдонууга уруксат берүүгө даяр

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери 18-июнда өткөн Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев пакистандык кесиптеши Макдум Шах Махмуд Хуссейн Куреши менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Министрлер 18-июнда өткөн Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында жолукканын ТИМден билдиришти.
Алгач Казакбаев бул өлкөнүн кара тизмесинен медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды чыгаруу тууралуу өтүнүчүн айтты.
Министр Куреши Казакбаевди Исламабадга расмий сапар менен барып кетүүгө чакырып, Пакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадардагы деңиз портторун колдонууга кол кабыш кылууга даяр экенин билдирди.
“Пакистан — Кытай — Кыргызстан — Казакстан” төрт тараптуу транзиттик келишимин активдештирүү зарыл”, — деди Куреши.
Казакбаев канадалык министр менен Кумтөр тууралуу сүйлөштү
Ошондой эле тараптар быйыл Афганистандан эл аралык коалициянын аскерлери чыкканына байланыштуу терроризмге, баңгизат сатууга каршы жана аймактык коопсуздук боюнча биргелешип иштешүү керектигин билдиришти.
Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча келишим 1995-жылдын 9-мартында Исламабад шаарында түзүлгөн. Ал бир нече жыл иштеп, кийин 10 жылга токтоп калган. 2017-жылдан бери документ кайрадан күчүнө киргени айтылып келе жаткан.