БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ич кийимдердин бренди Victoria's Secret "периштенин" канаты менен чыгып таанылган кымча бел кыздарынан баш тартууну чечти. Бул тууралуу The New York Times жазды.
Эми дене түзүлүшү менен көз жоосун алган бийкечтердин ордун ар тармакта ийгиликке жетишкен айымдар ээлейт. Бул компаниянын жаңы саясаты экени айтылат.
Бренддин жаңы жүздөрүнүн катарын футболчу Меган Рапино, лыжачы Эйлин Гу, модель жана адвокат Палома Эсслер толуктаган.
Ошондой эле журналист жана фотограф Аманда де Кадене, актриса Приянка Чопра, модель-трансгендер Валентина Сампайо, манекенчи жана Түштүк Судандан качкын болгон Адут Акеч компаниясынын модели бар.
"Биз аалам менен кошо өзгөрүүгө шашылбаптырбыз. Эркектерге эмне жагат деп эле жүрүптүрбүз. Эми аялдарга эмне керек деген ой менен иштөөнү чечтик", — деген компаниянын директору Мартин Уотерс.
Ал бренд аялдардын укугун коргоп, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга чоң көмөк көрсөтүүнү ниет кылып жатканын кошумчалаган. Жаңы фирманын өзүнүн директорлор кеңеши түзүлүп, ага дээрлик аялдар мүчө болот.
Victoria's Secret компаниясынын "периштеси" деп ар кайсы учурларда Каролина Куркова, Хайди Клум, Жизель Бундхен, Адриана Лима жана башкалар аталган. Бренддин жыл сайын боло турчу шоусу биринчи жолу 1995-жылы өткөн.