Сооронбай Жээнбеков менен иштешкен Алмамбет Салиев камалды

Салиев мамлекеттик кызматта иштеп турган кезде мыйзамсыз негизде байыган деп шектелүүдө. УКМК айыпталуучу мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланганын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Мындай чечим бүгүн кабыл алынды. Салиев 16-августка чейин камакта болот. Ал Жазык кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("Мыйзамсыз баюу") боюнча шектелип жатат.
Бизнесмен Генрих Балян мамлекетке канча акча төлөшү керек? УКМКнын жообу
УКМКнын версиясы боюнча, Салиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.
Ошондой эле мамлекеттик кызматта иштеп турганда аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталган. Муну менен катар ушундай жол менен алынган олуттуу каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаганы кабарланган.
Салиев 2017-жылдан 2020-жылга чейин президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген.