БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян атайын эсепке 60 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян атайын эсепке 60 миллион сом которду
© Фото / Karven Four Seasons
Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы бүгүн, 17-июнда, Биринчи май райондук сотунда каралат.
Эске салсак, 15-июнда "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бизнесмен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы, кредит колго тийгенден кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөнү айтылган.