Сот бизнесмен Генрих Балянды үй камагына чыгарды

"Карвен групптун" ээсинин бөгөт чарасы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө чейин, тагыраагы, 15-августка дейре деп тандалды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян үй камагына чыгарылды
Маалыматка караганда, Баляндын бөгөт чарасы 15-августка чейин деп тандалды.
"Шектүүнүн УКМКнын эсебине 60 миллион сом которгону эске алынды. Ошондой эле анын Бишкекте жашаганы документтер менен тастыкталды", — дешти соттон.
Эске салсак, 15-июнда "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бизнесмен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы, кредит колго тийгенден кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөнү айтылган. Бүгүн, 17-июнда, Балян УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которду.