Аңгектен качсаң дөңгөккө кептеп... Бишкек — Ош жолунан кейиштүү кадрлар

Sputnik

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы Бишкек — Ош унаа жолунан тартып келген сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат.

Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.

"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган. Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткенине күбө болдук.

Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп кеткен. Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрүүгө болот.

Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка созулууда. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.

Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат.

Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. Мындан улам чаң ызгып туман сымал жол астыңдан көрүнбөй калат.

Жапаров Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Жалал-Абад шаарынан чыккандан кийин Ошко чейин аң-чөнөктөр жок, асфальт бүтүн.

Таксисттер эгер Бишкек — Ош жолун жакшы билбегендер болсо, кырсыктан оолак болуу үчүн күндүз гана жолго чыгууну сунуштайт.

Жыйынтыктап айтканда, эгер өкмөттүн планы кынтыксыз аткарылса, айдоочулардын түйшүгү жеңилдеп, түз жол менен каттап кылат. Ага чейин абайлап, этияттык менен жүрүү талап кылынат.

1 / 14
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат
2 / 14
Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат
3 / 14
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт
4 / 14
Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.
5 / 14
"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган
6 / 14
Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.
7 / 14
Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен
8 / 14
Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган
9 / 14
Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.
10 / 14
Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
11 / 14
Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат
12 / 14
Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.
13 / 14
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
14 / 14
Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.