Зым карагайдын башына чыгып кеткен аюунун видеосу

Электр кубаты тартылган карагайлардын башына чыгып кеткен аюуларды түшүрүү адистерге бир топ эле кыйынчылыкты жаратат.
Sputnik
Мындай "саякат" жырткычтар үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн, себеби аларды катуу чыңалуудагы электр тогу урбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Зым карагайларга чыгып кеткен аюу туурасында "National Geographic Россия" сайтына маалымат чыкты.
Мындай учурда жаныбар түркүктөн түшүп келе жатканда кабелдерге чалынып же алар бутуна оролуп калуу ыктымалдыгы да бар. Буга окшогон көрүнүш АКШнын Аризона штатында болгон. Бир айда аюу карагайдын башына эки ирет чыгып кетип, айланасындагылар адистерге кайрылышкан.
​Майдын башында AZGFD Tucson деп аталган жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү куткаруу операциясы болгонун айтып беришкен.
​Көп өтпөй ошол эле жаныбарга энергетиктер экинчи ирет жардамга келген. Аны куткаруу үчүн электр тогун атайын өчүрүшүп, жогору чыгып, аюуну таяк менен түрткүлөп кубалап түшүрүүгө аргасыз болушкан.
Эки учурда тең ал "саякатчы" карагайдын башынан аман-эсен жерге "кайтып келген". Ошол тегеректе жайгашкан калктуу жайлардын жашоочулары аюу түшкүчө, тагыраагы, 15 мүнөттөй электр кубатысыз калышкан.