Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат

Энергетика жана өнөр жай министрлиги жылуулук менен ысык суунун тарифин жыл сайын инфляцияга жараша жогорулатып турууну демилгелөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:
Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.
Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:
"Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу", — дешти ведомстводон.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.
Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин дагы жогорулатуу сунушталып жатат.