Путин менен Байдендин кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрү башталды

Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулай турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байдендин кеңири форматтагы жолугушуусу башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байдендин кеңири форматтагы жолугушуусу башталды
Эки лидер бүгүн Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, Швейцариянын президенти Ги Пармелен менен сүрөткө түшкөн. Андан соң тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Негизинен жолугушуу беш саатка уланары күтүлүп жатат. Жыйынтыгында президенттер чогуу маалымат жыйынын өткөрбөйт. Журналисттердин суроолоруна өз-өзүнчө жооп беришет. Бул Путин менен Байдендин АКШ президенти өлкө башына келгенден берки алгачкы жолугушуусу.