Сестенткен илбирс, сүлөөсүн, суур. Чоң-Кеминде фотокапканга түшкөн жаныбарлар

Sputnik

Өткөн жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы, "Илбирс" коомдук фонду, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму ак илбирстерди изилдөө багытында фотокапкандарды орноткон. Кайра 2021-жылдын май айында чечилген аппараттарга улар, сүлөөсүн, илбирс, тоо эчки, суур, түлкү түшүп калган.

Унааңызды пил токтотту беле? Трассадагы кызыктуу "жолугушуулардан" 15 сүрөт
Жаратылышты коргоого багытталган иш-чарага Экология жана климат мамлекеттик комитети, Global Snow Leopard & Ecosystem Protection Program эл аралык уюму да катышкан. Адистер ал сүрөттөрдүн негизинде ак илбирстин болжолдуу санын, байырлаган аймагын, азыгын жана климаттын жандыктарга тийгизген таасирин аныктай алышат. Андан сырткары, ал маалыматтар менен мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө да болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү бар.

1 / 12
Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
2 / 12
Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
3 / 12
Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
4 / 12
Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
5 / 12
Ээрчишип оттогон уларлар
6 / 12
Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
7 / 12
Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
8 / 12
Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
9 / 12
Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
10 / 12
Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
11 / 12
Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
12 / 12
Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган