40 млн. долларлык киреше... Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта, убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде, "Кумтөр Голд Компани" 44 миң унций алтын сатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кумтөр алтын кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 6
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кумтөр алтын кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты
2 / 6
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти
3 / 6
Жапаровго алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алгандыгы, айлык өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди
4 / 6
Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген
5 / 6
"Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта, убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде, "Кумтөр Голд Компани" 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион доллар өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди. Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.
6 / 6
Мамлекет башчы карьерге да барып, тоо-кен ишин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын белгилеген
Жапаровго алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алгандыгы, айлык өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.
Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.
"Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта, убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде, "Кумтөр Голд Компани" 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион доллар өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди. Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы карьерге да барып, тоо-кен ишин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын белгилеген.