Байге фонду 345 миң сом. Эл-жер тууралуу ырлар сынагы жарыяланды

Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана сунушталган чыгармалардын жанрларына чек коюлбайт. Ырлар 15-августка чейин калыстар тобуна жөнөтүлүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар үчүн композиторлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бишкек мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялады. Шарты
Атуулдук ырлар жана хор номинацияларында чыгармалардын оригиналдуулугуна жана музыкалык формалардын так сакталышына маани берилет. Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана сунушталган чыгармалардын жанрына чек коюлбайт.
Байгелер:
Сынак 15-августка чейин созулуп, сыйлыктарды тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.
Чыгармаларды кимге жана кайсы дарекке жөнөтүү боюнча суроолорго 0773 71 23 15 номери аркылуу жооп алсаңыз болот.