Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.
Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.
Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):
2020 — 132,3 миллион;
2019 — 163,3 миллион;
2018 — 151,4 миллион;
2014 — 134,2 миллион.