"Президент, жооп бер!". Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө. Видео

Нааразычылыкка чыккандар Садыр Жапаровдон 2020-жылы октябрь окуяларында жабыркагандарга көңүл бурууну суранып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанында 30 киши катышкан митинг өтүп жатат.
1 / 5
Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанында 30 киши катышкан митинг өтүп жатат
2 / 5
Акцияга чыккандар "Президент, жооп бер!" деп кыйкырышууда
3 / 5
Алар Садыр Жапаровдон 2020-жылы октябрь окуяларында жабыркагандарга көңүл бурууну суранып жатат
4 / 5
Плакаттарда "Садыр Нургожоевич, берген убадаларды аткарыңыз!", "Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев (мурдагы ИИМ жана УКМК башчылары — ред.) жоопкерчиликке тартылышы керек" деп жазылган
5 / 5
Ошондой эле нааразычылыкка чыккандар Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына татыксыз экенин билдиришти
Акцияга чыккандар "Президент, жооп бер!" деп кыйкырышууда. Алар Садыр Жапаровдон 2020-жылы октябрь окуяларында жабыркагандарга көңүл бурууну суранып жатат.
Плакаттарда "Садыр Нургожоевич, берген убадаларды аткарыңыз!", "Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев (мурдагы ИИМ жана УКМК башчылары — ред.) жоопкерчиликке тартылышы керек" деп жазылган.
Ошондой эле нааразычылыкка чыккандар Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына татыксыз экенин билдиришти.
Белгилей кетсек, 5-6 октябрь күндөрү болгон окуяларда өлкөдө бийлик алмашкан. Саламаттык сактоо министрлиги миңден ашуун киши жаракат алганын билдирген болчу.