БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги түнкү клубдар менен соода борборлорун жабууну сунуштады. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымына караганда, сөз коронавирус тездик менен жайылып жаткан Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Жалал-Абад облустары жөнүндө болуп жатат.
"Биз сунуш бердик, ал эми чечимди жергиликтүү бийлик кабыл алышы керек. Вирусту алып жүргөн жаштар көп адамдар менен байланышып жатат… Мындан сырткары, коомдук транспортто бет кап режимин сактап, тамактануучу жайларда аралыкты сактоо боюнча сунуштамалар бар. Менин орун басарларым рейддин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип жатышат. Ага ылайык, санитардык эреже эч бир жерде сакталбай жатыптыр", — деди министр.
Бейшеналиев ошол эле учурда соода борборлору менен клубдар жабылса бизнесмендер канча чыгымга учурай турганы боюнча министрликтин эсептөөлөрү жок экенин билдирди.
"Ден соолук биринчи орунда", — деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле тийиштүү алгоритмдер болгондуктан жайкы туристтик сезонду жабууга негиз жок экенин кошумчалады.