Капуста организмди холестеринден арылтып, кан тамырды тазалайт

Капустанын ичинен эң эле пайдалуусу брокколи. Ал сулуулук үчүн жооп берген хлорофилл менен токофероламга бай. Сульфорафан рактан коргосо, хром кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Капустанын бардык түрү витаминге бай жана жүрөк-кан тамыр системасын калыбында кармап турууга чоң жардамчы. Бул тууралуу РИА Новостиге жарыяланган макалада айтылган.
Адистердин айтымында, капустанын бардык түрүндө С, А, К витаминдери, В тобуна кирген витаминдер, бета-каротин, калий, кальций, магний жана лютеин менен теанин аминокычкылдары бар.
"Капуста клетчаткага бай. Ал боор менен ичегиге миңдин бири. Аталган азык организмди ашыкча холестеринден арылтып, кан тамырды тазалап турат", — деп айтылат маалыматта.
Диетолог туура тамактануунун 4 принциби менен бөлүштү
Жашылча антиоксидант катары да организмге жакшы таасир берет. Магний, С витамини, антоциан жана флавоноиддер сезгенүү оорулары менен күрөшүүгө жакшы жардам берет. Жогоруда аталган төрт компонент кошулганда бир нече жүрөк-кан тамыр илдеттерин алдын алат.
Капустанын ичинен эң эле пайдалуусу брокколи.
"Ал сулуулук үчүн жооп берген хлорофилл менен токофероламга бай. Сульфорафан рактан коргосо, хром кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп турат", — деп айтылат билдирмеде.
Түстүү капустада С витамини көп болсо, кадимки жеп жүргөн капуста организмде суу балансын сактоого жакшы жардам бере турганы белгиленди.