Адвокат болууга ниеттенген 33 юристтин 25и экзаменден кулап калды

Квалификациялык экзаменден өткөн адамга бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык лицензия берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Адвокат болууга ниеттенген 33 талапкердин ичинен сегизи гана экзаменден ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия адвокаттык лицензия алууга талапкерлердин кезектеги квалификациялык экзаменин өткөргөн.
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев КРдин Азербайжандагы элчиси болот
Сынакка кирүүгө 36 талапкерге уруксат берилсе, анын ичинен 33ү келип катышкан. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сегиз талапкер ийгиликтүү тапшырган.
Квалификациялык экзаменден өткөн адамга бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Ал эми өтпөй калган талапкер алты айдан кийин кайталап тапшырууга уруксат алат.
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер: