УКМК пара алмакчы болгон милиция кызматкерин колго түшүрдү

Бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. УКМК 500 доллар пара алып жаткан милиция кызматкерин колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
УКМК 500 доллар пара алып жаткан милиция кызматкерин колго түшүрдү
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 9-июнда өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн пара алып жаткан жеринен У.Э.К. аттуу милициянын полковниги кармалган. Шектүү Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын кармоочу жайына киргизилди.
Кара-Суу милициясында иштеген тергөөчү аял пара алып жатканда кармалды. Сүрөт
Атайын кызмат менен милиция ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо, бөгөт коюу боюнча биргелешип жүргүзгөн иштин натыйжасында ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кылмыш ишине катыштыгы бар адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылганын аныктаган.
Бул факт УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.