Рахмон Мирзиёевди "Алтын таажы" менен сыйлады. Сүрөт

"Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы "Зарринтадж" ("Алтын таажы") ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында кабарланды.
1 / 3
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы "Зарринтадж" ("Алтын таажы") ордени менен сыйлады
2 / 3
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү
3 / 3
Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.
Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу
Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, "Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.