Тажикстан тарап аткылаган Максаттагы мектепти калыбына келтирип жатышат. Сүрөт

Учурда Максаттагы мектептин дубалдарынын ич жагын шыбап, биринчи кабаттын полун жасап чыгышкан. Мектептеги бул иштер 10-августка чейин бүтөрүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чек ара чатагынан улам Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунда аткылоого алынган Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Чек ара чатагынан улам Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунда аткылоого алынган Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат
2 / 4
Бүгүнкү күндө аталган билим жайынын жарактан чыгып талкаланып калган бөлүктөрү алып салынса, кээ бир жерлеринде бул иштер уланууда
3 / 4
Биринчи кабатта дубалдын ички беттери шыбалып, пол төшөлүүдө. Экинчи кабатынын дубалдарынын ич жагы толугу менен жасалып бүткөн
4 / 4
Калыбына келтирүү иштери мектепте 2021-жылдын 18-майында башталган. Билим уясын толугу менен оңдоп чыгууга республикалык бюджеттен 15 миллион сом каралган
Бүгүнкү күндө аталган билим жайынын жарактан чыгып талкаланып калган бөлүктөрү алып салынса, кээ бир жерлеринде бул иштер уланууда. Биринчи кабатта дубалдын ички беттери шыбалып, пол төшөлүүдө. Экинчи кабатынын дубалдарынын ич жагы толугу менен жасалып бүткөн.
Тажик коңшуларым үйүм үчүн кечирим сурашты. Максат айылынын жашоочусу менен маек
Калыбына келтирүү иштери мектепте 2021-жылдын 18-майында башталган. Билим уясын толугу менен оңдоп чыгууга республикалык бюджеттен 15 миллион сом каралган. Оңдоп-түзөө иштерин быйылкы жылдын 10-августуна чейин бүткөрүү пландалган.
Лейлектин Кулунду айыл аймагына караган Максат айылындагы мектеп чек ара маселесинен улам Тажикстан куралдуу кол салган күндөрү аткылоодон улам жараксыз абалга келген.