Чүйдө жакында электробустар чыга баштайт. Сүрөттөр

Ишкана жакында электрдик жана электрдик-гибриддик жапыз автобустарды куроону баштаганы жатат. Министрлер кабинетинин башчысы Бишкек мэриясына аларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусунда жакынкы убактарда электрдик жана электрдик-гибриддик жапыз автобустарды куроо өндүрүшүн баштоону пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 10
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды
2 / 10

3 / 10

4 / 10

5 / 10

6 / 10

7 / 10

8 / 10

9 / 10

10 / 10

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аталган облустагы бир катар өнөр жай ишканаларында болду. Ал эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.
"Жакын арада завод шаардык электрдик жана электрогибриддик жапыз автобустарды кураштырып чыгарууну пландап жатат. Улукбек Марипов Бишкек мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан соң министрлер кабинетинин башчысы 2019-жылдын соңунан бери токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунун абалы менен таанышты.
Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.