Тамактан кийин шашпагыла. Адис тишти кайсы учурда жууш керектигин айтты

Тиш жуугун щетка. Архив
Адистин пикиринде, тишти тамак жегенден кийин дароо жууп салбай, жок дегенде жарым сааттай күтүп туруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Стоматолог Ханна Кинселла тишке зыян келтирип албоо үчүн кайсы учурда тазалоо туура экенин айтып берди. Дарыгердин кеңешин Daily Express басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин пикиринде, тишти тамак жегенден кийин дароо жууп салбай, жок дегенде жарым сааттай күтүп туруу керек.
"Көпчүлүк тамактардын курамында билинер-билинбес көлөмдө лимон кычкылы бар. Ал тиштин эмалын бир азга жумшартып коет. Ошол себептүү тамак ичип бүтөрү менен тишти жышып жууганда эмаль калыбына келүүгө жетишпей, тиштер зыян тартат", — деди дарыгер.
Стоматолог бейтапты кабыл алуу учурунда. Архив
Таза кармагыла! Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө адамдардын 92 пайызы тишти туура жуугандын жол-жобосун билбейт. Ошонун айынан тиштерге эрте курт түшүп, стоматологго көп каттоого туура келет. Негизинен адам тишин күнүнө эки жолу, эртең мененки тамактан жарым саат өткөндөн кийин жана уктаар алдында жуушу керек.
Ошондой эле щетканы катуу баспай, тиштерди 3 мүнөттөн ашык жышыган туура.