БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда Кыргызстан президентинин кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келип, ал жерден Жапаровду Эрдоган тосуп алганы айтылат.
Мамлекет башчылары учурашкан соң эки мамлекеттин гимндери жаңырды.
Ардак кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган ардак кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде "Merhaba, asker!" (Салам, аскер!) деп саламдашты.
Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.
Расмий жолугушуу аземи бүткөндөн кийин Жапаров менен Эрдоган сүйлөшүүгө кирип кетишти.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен бүгүн Анкарага барган.