Кара-Суу милициясында иштеген тергөөчү аял пара алып жатканда кармалды. Сүрөт

Ишти оң жагына чечип берем деп пара сураган тергөөчү аял, милициянын улук лейтенанты учурда тергөө абагына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин тергөөчүсү Б.Г.И. аттуу аял 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
УКМК кызматкерлери ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кечээ, 8-июнда, 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармаган
"Зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн А.М.А. аттуу жарандан Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Г.И. 20 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК кызматкерлери ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кечээ, 8-июнда, 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармаган.
Тергөөчү аял УКМКнын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.