Садыр Жапаровду Анкарадан маданият министри тосуп алды. Сүрөт

Иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркиянын борбору Анкара шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6
Мамлекет башчы Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркиянын борбору Анкара шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады
2 / 6
Билдирмеге ылайык, өлкө башчынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Жапаровду Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган
3 / 6
"Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген. Килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди", — деп айтылат маалыматта
4 / 6
Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү
5 / 6
Мындан сырткары, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес форумуна катыша турганы айтылды. Анкарада иштеп жүргөн мекендештер, окуп жаткан студенттер менен да баарлашары кошумчаланды.
6 / 6
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасынын борбору — Анкара шаарына келди
Билдирмеге ылайык, өлкө башчынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Жапаровду Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган.
"Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген. Килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Мындан сырткары, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес форумуна катыша турганы айтылды. Анкарада иштеп жүргөн мекендештер, окуп жаткан студенттер менен да баарлашары кошумчаланды.