Казакстан Тажикстанга бере турчу ок-дарынын жайын түшүндүрдү

Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет. Бирок эки өлкөгө тең чек ара чыры чечилмейин жөнөтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Тажикстанга аскердик жардам көрсөтүү Кыргызстан менен чек ара талашына байланыштуу эмес. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.
Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр
Ошондой эле Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет.
"Аталган келишимдер Кыргызстан менен да, Тажикстан менен да эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы чыкканга чейин кол коюлган. Аскердик-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды өрчүтүү максатын көздөбөйт. Бул келишимдер эл аралык коалиция аскердик контингентин Афганистандан чыгарып кетүүнү пландап жаткан маалда түзүлгөн", — деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.
Мындан сырткары, министрлик аскердик-техникалык каражаттар кырдаал турукташып, карама-каршылыктарды жөнгө салуу боюнча келишимдер түзүлгөндөн кийин гана Кыргызстан менен Тажикстанга жөнөтүлөрүн жазган.
"Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге ылайык, ЖККУ өлкөлөрү бири-бирине күч колдонуп же кысымга албашы керектигин белгилейбиз. Бул уюмга Кыргызстан менен Тажикстан кирген", — деп жазылат билдирүүдө.
Андыктан аскердик-техникалык жардамды эки өлкө тең чек ара чыры чечилмейин колдоно албай турганы айтылат.
Буга чейин жарыяланган келишимдин текстинде Казакстан Тажикстанга төмөнкүлөрдү берери жазылган: