CNN, New York Times, Twitter, Amazon. Дүйнөгө белгилүү сайттар иштебей калды

Алдын ала маалыматтар боюнча, иштин үзгүлтүккө учурашына Fastly провайдеринен кеткен мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү бир катар ири сайттар, анын ичинде алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын электрондук версиясы иштебей жатат. Бул туурасында беделдүү интернет-ресурстарга байкоо салган Downdetector порталы маалымдады.
Instagram колдонуучулар үчүн чектөө киргизет. Кимге тиешелүү
TechCrunch порталынын билдиришинче, Twitter, Twitch соцтармактары, Paypal төлөө системасы, Spotify, Reddit жана Amazon сервистеринин иштебей жатканы туурасында даттануу түшкөн. Ошондой эле CNN менен ВВС телеканалдары, New York Times, Guardian, Financial Times жана Independent гезиттери сыяктуу Американын жана Британиянын ири ЖМКларынын интернет-версиясы ачылбай жатат. Аталган сайттарга киргенде серверде көйгөй жаралганын көрсөткөн 503 катасы чыгууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, иштин үзгүлтүккө учурашына Fastly провайдеринен кеткен мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал.