Жапаровдун катышуусу менен сот жана милицияны реформалоо боюнча жыйын өтүүдө

Иш-чарага президенттин администрация өкүлдөрү, сот, судья, башкы прокурор, министрлер жана эл өкүлдөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүдө.
Жапаров финансы жана экономика тармагында иштегендерди куттуктады
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, анда Кеңештин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланууда.
Белгилей кетсек, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеши өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.
"Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдайт. Бул кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот", — деп айтылат маалыматта.
Кеңешти мамлекет башчы жетектейт. Мүчөлөрү: