Бажы кызматына жетекчи болуп Самат Исабеков келди

Бүгүн жаңы төраганы экономика жана каржы министри  Акылбек Жапаров Бажы кызматынын өздүк курамына тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Самат Исабеков дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Садыр Жапаровду актаган экс-судья жаңы кызматка дайындалды
Бүгүн, 2021-жылдын 7-июнунда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бажы кызматынын өздүк курамына Исабековду тааныштырган.
Маалыматта Исабековдун 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштегени, жетекчи болгону айтылган.