Президенттин кортежи. Кырсыктаган 9-кызматтын башчысына операция жасалды

Кортеж катышкан жол кырсыгынан беш киши жабыркап, бир адам көз жумган. Азыркы тапта төрт бейтап Бишкектеги ооруканада экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги кырсыктаган автоунаада жабыркаган УКМКнын 9-кызматынын башчысына операция жасалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, операция 9-кызматтын жетекчисине бүгүн, 7-июнда, жасалды.
"Анын акыреги сынган. Операция бүгүн болуп, ийгиликтүү аяктады. Бейтаптын абалы жакшы", — деди министр.
Бейшеналиев кырсыктан жабыркаган беш кишинин төртөө Бишкекте, бирөө Чолпон-Атада дарыланып жатканын кошумчалады.
Жапаровдун кортежи катышкан жол кырсыгы. Башкы прокуратура иш козгоду
Кортеж катышкан жол кырсыгы 4-июнь күнү болгон. Андагы автоунаа Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен автокөлүк менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан. Кийинчерээк көз жумган адам президенттин дарыгери болгону айтылган.
Башкы прокуратура мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча иш козголгонун билдирди.