БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Эркектерге муздак көлмөгө түшүүнүн кандай пайдасы же зыяны бар экенин "Ридус" агенттигине уролог-андролог Гусейин Садыков түшүндүрүп берди.
Ошондой эле сууга түшкөндөн кийин уйку менен маанай жакшырат. Бирок муздак суу урологиялык оорулардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Садыков дарыгерге кайрылууга коңгуроо каккан белгилерди санап берген.
"Дене табы көтөрүлүп, кан аралаш заара чыкса, бел сайгылашып катуу оорутса, ичтин ылдый жагы сезгенсе, зааранын чыгышы бузулса адиске баруу керек", — деген уролог.
Медик көлмөлөргө түшүүдөн этият болууну эскерткен. Анткени сальмонеллез же дизентерия сыяктуу ичеги-карын инфекцияларына чалдыгуу коркунучу бар. Бул ооруларга ичтин оорушу жана өтүшү мүнөздүү.
Уролог сууга түшкөндө жыныстык жол менен жугуучу ооруларга кабылгандар аз экенин, себеби бул илдеттердин козгогучтары адамдын денесинен бөлүнүп чыккандан кийин бат өлөрүн айткан.