Бишкекте айрым маршруткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты

Мэрия шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсоңор сүрөт, видеого тартып жөнөтүүнү өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазышууда.
Журналист Семетей Аманбеков капталдагы терезесине "жол кире 15 сом" деп жазып алган №199 маршрутканын сүрөтүн жүктөп, айдоочулар өз алдынча тарифти көтөрүп алганына таң калган.
Ал шаардык бийликтин мындайга жол берип, көзөмөлдөн чыгарып жибергенине нааразычылыгын билдирди.
Маршрутка көйгөйү: эки фирмага айып салынып, 34үнө эскертүү берилди
Белгилей кетсек, борбор калаада маршруттук таксилер жол кирени көтөрүү талабын коюп 2-июндан бери жумушка чыкпай жатат.