Жарандар атасынын атын өгөй атасынын, чоң атасынын же таятасынын атына өзгөртө алат. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, фамилия, атын же атасынын атын өзгөртүү учурда Калкты тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт.
"Учурдагы укуктук-ченемдик актыларга ылайык, 16 жашка толгондор атын, атасынын атын же фамилиясын өзгөртүүгө укуктуу. Бир эле учурда бул үчөөнү тең алмаштырууга жол берилбейт. Атасынын атын өгөй атасынын, чоң атасынын же таятасынын атына өзгөртө алат. 16 жашка толо электердин фамилиясын же атасынын атын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 64-беренесине ылайык ишке ашырылат. Ал үчүн соттун ата-энесин дайынсыз деп таануу, ата-энелик укуктарынан ажыратуу, эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө күчүнө кирген чечимдери көрсөтүлөт. Бул учурда да ата-энесинин пикири эсепке алынууга тийиш. Фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөртүү калкты тейлөө борборлорунда жылына бир жолудан ашык эмес катталууга тийиш. Мурда өзгөртүүлөр болсо алар тиркелет жана атайын күбөлүк берилет", — деди Бакиров.
Юрист фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөрткөндөргө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей турганын кошумчалады.